Эки заводдун курулушуна Акылбек Жапаров капсула салды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров Чүй облусундагы Ысык-Ата районунун Кант шаарында “Кант ТШИ” (труба-шифер ишканасы) заводунун жаңы линиясынын имаратынын жана Ысык-Ата районунун Ивановка айылында “Асыл-Таш” керамика” заводунун имаратынын пайдубалына капсула салууга катышты.

“Кант ТШИ” заводунун кеңейишине катышкан МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров, Кыргызстан сырьёлук базага — кум, шагыл, топурак, гипс, мрамор, гранит ж.б. курулушка керектүү байлыктарга ээ экенин айтып, жакынкы жылдарда өлкөдө ири курулуштар жүрөөрүн, заводдон чыкчу продукциялар өзүбүз үчүн абдан зарыл болорун жана “Кант ТШИ” заводун модернизациялоого, кеңейтүүгө Министрлер Кабинети кызыкдар экенин белгиледи.

“Ушул заводдон чыккан продукциялар менен илгери Алматы, “Байконурга” чейинки курулуштар салынган. Азыр дагы трубалар, шиферлер, плиталар эл аралык талаптарга жооп берет, ЕАЭСтин реестрине кирген. Заводдо ISO стандартына шайкеш келген өзүнүн лабораториясы бар. Демек, завод – ички гана муктаждыкка эмес, экспортко багытталган ири ишкана. Биз цемент, шифер, кирпич ж.б. курулуш материалдарынын жаңы линияларын ачууга, алардын экспортун көбөйтүүгө, мамлекеттик инвестиция жасоого даярбыз”, — деди Акылбек Жапаров.

Белгилей кетсек, “Кант ТШИ” заводунун жаңы линиясы автоклавдык газ бетон өндүрөт. Долбоордун жалпы суммасы 12,1 млн АКШ долларын түзсө, анын 8,5 млн АКШ долларын Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду каржылап жатат. Муну менен кошумча 120 жумуш орду ачылат жана өлкөгө жылына салыктык жана социалдык чегерүүлөрдөн 100 млн сомдон ашуун киреше түшөт.

90160203 5ab9 49bb 9dcd 67d12f0882aa  Эки заводдун курулушуна Акылбек Жапаров капсула салды
1ae93a3e 1d8d 4295 b20f 21a8b992ade7  Эки заводдун курулушуна Акылбек Жапаров капсула салды
b3e622bd d534 4ad5 a8ca 396528f081a0  Эки заводдун курулушуна Акылбек Жапаров капсула салды
1e7ba181 2d83 4fb6 9030 b45c29e818b7 1  Эки заводдун курулушуна Акылбек Жапаров капсула салды