Чүйдө алдамчылыкка шектүүлөр кармалды

Алдамчылыкка шектүүлөр кармалды, деп билдирди Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалым болгондой, 5-март күнү милицияга Аламүдүн районунун тургуну кайрылган. Анын айтымында, 2014-жылы Өскөн-Ордо жаңы конушунан жер тилкесин (8 сотых) сатып алып, үй салган. 2022-жылы жерге мунапыс жарыяланган.

Буга байланыштуу бардык керектүү документтерди чогултуп, кезекке турган. Анан бир жаран пайда болуп, №154 контурдагы 4 гектар жер (арыз ээсинин участогу да бар) ага таандык экенин айтып, аны бошотууну талап кыла баштаган.

Бул аял тууралуу дагы 39 адам ушундай арыз менен кайрылышкан, алардын баары Өскөн-Ордонун тургундары. Бардык фактылар Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен каттоого алынган.

Милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1965-жылы туулган Ж.Т. жана 1981-жылы туулган Э.У. кармалып, алар убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылды.

Тергөө иштери уланууда.