Россия президенти Владимир Путин Россиядагы мусулмандарды Орозо айты менен куттуктады.
Өлкө лидери бул орозо аяктаганда дүйнө мусулмандарынын баары белгилей турган, адамдарды адеп-ахлакка, өнүгүүгө, боорукерликке үндөгөн руханий мааниге ээ майрам экенин белгилеген.
“Ислам динин тутунгандар өлкө тарыхына, диний, маданий салттарыбызга терең урмат менен мамиле жасагандыгын жана аны жаштарга үйрөтүп жаткандыгын канааттануу менен белгилейм. Мусулман коомчулугунун жашоосу жакшы иштерге бай. Алардын мамлекеттик жана коомдук уюмдар менен алакасы активдүү өнүгүүдө, билим берүү, агартуу жана кайрымдуулук боюнча демилгелерге тынымсыз көңүл бурулууда. Бүгүнкү күндө, атайын аскердик операция жүрүп жаткан маалда мусулман жоокерлер башка жолдоштору менен биргеликте Россияны коргоп жатышат, эрдигин, колдоосун көрсөтүшүүдө. Албетте, ислам уюмдарынын улут аралык жана дин аралык алакалардагы колдоосу, өсүп келе жаткан муунду патриоттуулукка тарбиялоосу баалоого арзыйт”, — деп жазылат Путиндин куттуктоосунда.
Ал сөзүнүн соңунда жалпы мусулмандарга ден соолук, ийгилик жана бардык жакшылыктарды каалаарын билдирген.