Кыргызстанда “Киби” протези 13 балага акысыз берилди

Кыргызстанда электроникасыз иштей турган, суудан зыян тартпай турган протездер жасалып, 13 балага акысыз берилди. Ал үчүн мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 789 миң 988 сом бөлүнгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Аталган протездерди Республикалык протездик-ортопедиялык буюмдар мекемесинин техник-протезчилери Сколковонун резиденти — “Моторика” компаниясынын компоненттеринен жасашкан.

Мекеменин директору Ализа Солтонбекова “Киби” протезин кийген бала аны өзүнүн дене мүчөсү катары кабыл алууга көндүрсө боло тургандыгын айтты.

“Балдар функционалдык протездерди кичинекей кезинен баштап колдоно башташы керек. Кол протездери баланын кыймылын жеңилдетет, ден соолугунда жаралчу көйгөйлөрдү алдын алып, күнүмдүк тиричилик жеңилдейт”, — деди ал.

“Киби” — булчуңдардын тартылуусунун эсебинен иштейт. Колдонуучунун күчү керектелет. Бул протезге кошумча тиркемелерди: смартфон кармагычтарды, кол чырактын модулун жана башкаларды орнотсо болот.

Кыргызстанда "Киби" протези 13 балага акысыз берилди