Көзүнө сурма жасаткан аял көз жумду

Усть-Каменогорскиде сулуулук салонундагы процедурадан кийин аял каза болду. Өлүм фактысы Усть-Каменогорск шаарынын прокуратурасында тастыктаганын казак басылмалары жазып чыгышты. 

Маалым болгондой, аял сулуулук салонуна көзүнө блефаропластика жасатуу үчүн барган. «Сулуулук салонуна 1962-жылы туулган жаран көзгө блефаропластика жасоо үчүн кайрылган. Салондун кызматкери лицензиясы жана медициналык жана башка иш-аракеттерди жүргүзүүгө уруксаты жок туруп, жогорудагы процедураны жасаган. Бир аз убакыт өткөндөн кийин бейтап шашылыш реанимацияга жөнөтүлүп, ал жерде каза болду», — деп билдирди прокуратура. 

Алдын ала маалыматтар боюнча, аял анафилактикалык шоктон каза болгон. Кылмыш иши козголгон.