УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору Е.А. жана ортомчу А.А. кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында чет өлкөлүк жаран башчылык кылган “А.К.” фармацевтикалык ишканасынын мамлекеттик бюджетке өзгөчө ири өлчөмдөгү салык төлөмдөрүн төлөөдөн качуу фактысы аныкталды.

Салыктык текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча аталган фармацевтикалык ишкана тарабынан 17 млн сомдон ашык суммадагы салыкты жашыруу фактылары аныкталып, салык төлөөчүнүн даттануусунун алкагында жогору турган салык органы тарабынан канааттандырылган.

Өз кезегинде, компаниянын өкүлдөрү мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн азайтуу жана кылмыш ишин тергөөнүн жүрүшүндө жагымдуу шарттарды түзүү максатында, маселенин оң жагына чечилиши үчүн акчалай сыйлык берүүнү сунуш кыла башташкан.

Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында фармацевтикалык ишканасынын директору Е.А жана ортомчу А.А. УКМКнын кызматкерине 40 миң АКШ долларын пара катары берип жаткан жеринен кармалып, Кыргыз Республикасынын УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

03b998a5 8b34 42dc b95a 4cd266f4b0fd УКМКнын кызматкерине пара берип жаткан жеринен фармацевтикалык ишкананын директору кармалды