Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында БАЭнин вице-президенти менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарына (Бириккен Араб Эмираттары) болгон жумуш сапарынын алкагында Бириккен Араб Эмираттарынын вице-президенти, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, президенттин иштери боюнча министри Шейх Мансур бин Заед Аль-Нахайян менен жолукту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө соода-экономикалык, билим берүү, гуманитардык, инвестициялык жана башка тармактарда эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүнүн учурдагы абалы жана келечеги талкууланды.

Мындан тышкары, Кыргызстандын президентинин 2022-жылдын октябрында БАЭге болгон иш сапарынын алкагында жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуунун орун алган маселелери каралды.

Инвестициялык кызматташуу маселелерин талкуулоо менен тараптар КР экономикасына тартылган эмираттык инвестициялардын көлөмүн көбөйтүүнүн жогорку динамикасын, анын ичинде энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууну белгилешти.

Бул багытта БАЭнин “Masdar” компаниясы тарабынан Кыргыз Республикасынын аймагында күн электр станциясын куруу долбоору, ошондой эле бир катар инвестициялык долбоорлор белгиленди.

Ошондой эле, тараптар биргелешип түзүлгөн “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун мындан ары иштөө маселелерине өзгөчө көңүл бурушту.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө, соода-инвестициялык кызматташтыкты диверсификациялоого жана БАЭнин алдыңкы компанияларынын ичинен Кыргыз Республикасында долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестицияларды тартууга умтула тургандыгын билдиришти, муну менен эки өлкөнүн ортосундагы экономикалык шериктештиктин болгон потенциалын толук пайдаланууга мүмкүндүк берет.

6440b939a8547 1024x683 1 Акылбек Жапаров Абу-Даби шаарында БАЭнин вице-президенти менен жолукту