Шаршенбек Абдыкеримовдун ден соолугу жакшы, ал жандандыруу бөлүмүндө эмес

Буга чейин “Аю” компаниясынын мурдагы ээси Шаршенбек Абдыкеримов оор абалда жандандыруу бөлүмүндө жатканы кабарланган болчу. Ал маалымат чындыкка дал келбейт.

Бул тууралуу анын жакындары Вulak.kg редакциясына билдиришти.

Алардын айтымдарында, ал эч кандай жандандыруу бөлүмүндө эмес.

“Былтыр сентябрь айында ал боорун алмаштырган. Операция ийгиликтүү болгон. Азыр жакшы болуп калды”, – деп билдирди Иличбек Максутов.

Ал Шаршенбек Абдыкеримов жакын арада Кыргызстанга келбей тургандыгын билдирди.

Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров «Кабар» агенттигине маек куруп, коррупцияга каршы күрөш боюнча суроолорго жооп берген. Ал өз сөзүндө «Аю» заводу «кустуруу» өнөктүгүнүн курмандыгы болду деген пикирлерге жооп берип, ишкана мамлекетке салыкты толук төлөбөй, жасалма акциздер менен иштеп келгенин билдирди.

«Мурдагыдай эле миллиондогон салыктарды төкпөй, акцизди жасалма кылып, 12 миң даана жасалма акциз менен кармалды. Контрабанда спирт чыгарып, 275 тонна спирт менен кармалды. Баасы 40 миллион сомдон ашык болот. Анан эми спирт заводу менен арак заводу мыйзам чегинде конфискация болуп, мамлекетке өтүп жатат. Мындан ары спиртти да, аракты да мамлекет чыгарат», — деп билдирген Садыр Жапаров.