Бишкектеги бир нече мектептерде бомба бар экени айтылды

Бишкекте бүгүн, 20-апрелде бир катар мектептердин окуучулары эртең менен эвакуацияланууда. Бул тууралуу күбөлөр билдиришти.

Учурда №33 жана 67-мектептерди эвакуациялоо иштери жүрүп жаткан. Мектеп кызматкерлеринин айтымында, буга кайрадан иамаратка коюлган жардыруучу зат тууралуу билдирүү себеп болгон.

Кaktus.media басылмасы мындан тышкары №17, 51, 52, 62, 63 мектептер, ошондой эле жеке менчик Сейтек STEM жана Бишкек эл аралык мектебинде да эвакуация болгонун жазышты.

Эске салсак, 18-апрелде Бишкектин бир катар мектептери, жогорку окуу жайлардын айрым мекемелери жана КР Жогорку сотунун имаратында бомбар бар деген билдирүү түшүп, текшерүүгө алынган. Жыйынтыгында жарылуучу зат табылган эмес.

whatsapp image 2023 04 20 at 09 04 52 1 Бишкектеги бир нече мектептерде бомба бар экени айтылды
e62b6ace 51e5 4efe 8665 5e23f7d4cea4 Бишкектеги бир нече мектептерде бомба бар экени айтылды