
Жалал-Абад милициясы уруксат кагаздары жок иштеп жаткан медресени аныктады. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматта айтылгандай, Жалал-Абад шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан шаар аймагында мыйзамсыз иштеп жаткан медресе боюнча ыкчам маалыматтар алынган.
Бул окуя Жалал-Абад ШИИБдин маалыматтардын электрондук каттоо журналына катталып териштирүү иштери башталган.
Жалал-Абад ШИИБдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө Н.С. (аял) аттуу жаран өзүнүн үйүндө эч кандай окутууга уруксат кагаздары жок «Илим-Хумар» аталышындагы окуу борборун иштетип жаткандыгы аныкталган. Ага карата Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 142-беренесинин (Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө мыйзамдарды бузуу) негизинде протокол толтурулуп, 5500 сом айып пул салынган.