ИИМ Ысык-Көлдө өтө турган кайык жарышы боюнча элге кайрылды

Ички иштер министрлиги Ысык-Көлдө өтө турган F1H2O (UIM F1H2O World Championship) кайыктар жарышынын айланасындагы билдирүүлөргө жооп берип, элди чагымчылыкка алдырбоого чакырды.

Кайрылууда мындай турнир буга чейин Европанын, Түштүк-Чыгыш Азия менен Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө өткөрүлүп келгени белгиленген. ИИМ талапкер мамлекеттердин көптүгүнө карабай уюштуруучулар Кыргызстанды тандаганын айтты.

“Бул мамлекетибиз өнүгүү жолунда баратканынан кабар берет. Мындай деңгээлдеги иш-чараны уюштуруучулар дагы коопсуздук жагы, инфратүзүмү, экономика өңдүү критерийлер менен карашат. “Экологияга, көлгө зыян алып келет” деп популисттик менен элди удургутуп жаткан билдирүүлөр суу кечпейт. Анткени жарышка катыша турган бир моторлуу кайыктар заманбап келип, майы акпагыдай болуп жабдылган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Министрлик экологияга бийликтегилер карапайым элден кем калбай күйөрүн кошумчалады.

Мындан тышкары, соцтармакта Кыргызстандагы чет өлкөлүк жумушчуларга карата улут аралык кастык, жек көрүүнү күчөтө турган чагымчыл билдирүүлөр катталып жатканы айтылды.

“Өлкөдө ири эл аралык инфратүзүмдүк долбоорлор ишке ашырылып, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу, Асман шаары, Камбар-Ата – 1 сыяктуу объектилер курулууда. Аларга адистер, жумушчу күчү керек. Чет элдиктер ээн-эркин, каалагандай эле кирип-чыгып жаткан жок. Ар бири тийиштүү уруксат документтери, визасы менен келип, көзөмөлдө турат. Долбоорлор бүткөндө кайра кетишет. Айрым долбоорлор 2030-жылы, кээси 2035-жылдары бүтөт”, — деп айтылат кайрылууда.

ИИМ маалымат таратууда этият болууга, чын-төгүнүн аныктап-талдоого чакырды. “Жоопко тартып баштаганда адаттагыдай “жөн эле жоопко тартып жатат” деп кыйкырып чыкпагыла” деди министрлик.