Талас районунда кылмышка шектүү кармалды


Талас РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө Талас районунун 1982-ж.т. О. Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анда 2023-жылдын 09-апрелинен 10-апрелине караган түнү өз үйүнөн мал сарайынан базар баасы болжолу менен 12000 (он эки миң) сомдук эки баш койду белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.

Бул туурасында облустук милициядан билдиришти.
“Аталган факты Талас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Кыргыз Республикасынын КЖКниын 205-беренеси менен кылмыш иши козголгон.
РИИБдин кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмыш ишине барган Талас районунун тургуну 1987-жылы туулган Т.Б. аттуу шектүү катары кармалып, Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, – деп айтылат маалыматта.
Бүгүнкү күндө кылмыш иши боюнча тергөө жана иликтөө иштери жүрүп жатат.