Таласта укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү


Бүгүн, 13-апрелде, Талас шаарынын Капар Медетбеков атындагы драма театрында комплекстүү иш чара өткөрүлдү.

Бул туурасында Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жолугушууга мобилдик автоунаалардын ишмердүүлүгүн колдоо боюнча Ассоциациясынын директору, экономика илимдеринин кандидаты, доцент, КРнын эл агартуунун жана милициянын отличниги, милициянын отставкадагы полковниги Шамшыбек Мамыров, КР ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын балдар иштери боюнча инспекциясынын жетекчиси милициянын полковниги Нуржан Адылова, КР ИИМдин баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын полковниги Гүлмира Жапакова жана КРнын билим берүү жана илим министринин өкүлү Салтанат Бейшенова жана Талас ОИИБдин жетекчиси милициянын полковниги Азамат Токтоналиев орун басары милициянын полковниги Шүкүрбек Кушбеков менен катышты. Жыйында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” мыйзамын аткаруу боюнча, КР ИИМ министри Улан Ниязбековдун – ИИОнун кызматкерлери үчүн 2023-жылдын 7 багыты жана милициянын көчмө кабылдамасын ишке ашыруу боюнча маалымат берилди.
Зомбулукка кабылган балдар үчүн тартибин жана сот адилеттүүлүгун сактоо чөйрөсүндөгү базалык кызматтарды көрсөтүү боюнча стандарттык операциондук процедуралары боюнча Нуржан Адылова кеңири түшүнүк берди.
Жаштардын баңгизаттардын мыйзамсыз жүргүзүүгө тартуунун алдын алуу боюнча Гүлмира Жапакова бир катар кеңештерди айтып өттү.
Балдар арасындагы суицидди болтурбоо тууралуу талкуулар болуп, катышкан башка мекеме жана уюмдардын өкүлдөрү дагы сунуштарды киргизишти.

dc150731 0d5f 461f 95cb 4c3cefd35ebc Таласта укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү
5ac3c2eb fa20 4c75 aacd a3b1f71f91ac Таласта укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү
f7082db5 0735 4c34 bd56 6591a2f4b5e1 Таласта укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү
5dc8f554 9fa4 43b9 ac47 085ffc372723 Таласта укук бузуулардын алдын алуу боюнча жыйын өттү