Азамат Ногойбаев түз эфирдеги сөзүнөн кийин тартиптик жазага тартылды

Бишкек шаардык милициянын башчысы Азамат Ногойбаевге түз эфирде айткан билдирүүсүнө байланыштуу кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, ИИМдин Ички иликтөө кызматы Ногойбаевдин түз эфирде айткан сөздөрү боюнча кызматтык иликтөө жүргүзгөн.

«Текшерүүнүн жүрүшүндө укук коргоо органдарынын Тартиптик уставынын, «Укук коргоо органдарында кызмат өтөө жөнүндө» мыйзамынын, ошондой эле ички иштер органдарынын кесиптик этика кодексинин талаптарын бир катар бузуулар аныкталган. Бишкек шаардык ички иштер башкы  башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевдин эфирде жашы жете электерге карата сексуалдык кылмыштар боюнча туура эмес билдирүүлөрү коомчулукта резонанс жаратып, ички иштер органдарынын дарегине терс билдирүүлөрдүн айтылышына себеп болгон.

Кызматтык иликтөөнүн корутундусуна ылайык, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Азамат Ногойбаевге кызматына толук эмес ылайыктыгы жөнүндө эскертүү түрүндөгү тартиптик жаза берилди», — деп билдирет министрлик.

Эскерте кетсек, 31-мартта Азамат Ногойбаев зордукталгандан кийин өз жанын кыйган 13 жаштагы кыздын иши тууралуу айтып жатып, өспүрүм кыздар эркектер менен өз каалоосу менен жатып, андан кийин ушундай «окуялар» болуп жатканын айткан.