Кыргыз жараны Москвада отургучтан таап алган кызды документтери жок багып келген

Кыргызстандын жараны Россиянын Москва шаарында отургучтан тапкан кыз баланы багып жүргөн. Бул маселе боюнча Кыргызстандын элчилиги тактоо жүргүздү.

Андагы маалымат боюнча, кыргызстандык З.М. (аял киши) жашы жете элек кыздын мыйзамдуу өкүлү болуу үчүн керектүү документтерге ээ эмес. Эки өлкөнүн мыйзамдарынын талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын компетенттүү органдары бул факт боюнча жергиликтүү укук коргоо органдарына билдирүүнү чечишкен.

«Россия Федерациясынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Федералдык мыйзамынын 19-беренесинин 1-пунктуна ылайык, баланы тапкан адам бул тууралуу 48 сааттын ичинде ички иштер органына же бала табылган жердеги камкорчулук жана көзөмөлчүлүк органына билдирүүгө милдеттүү. Бүгүнкү күнгө чейин жашы жете элек кыздын Кыргыз Республикасынын жарандыгына таандыктыгы аныктала элек. 

Элчиликтин кызматкерлери тарабынан З.М.нын ага карата эки өлкөнүн компетенттүү органдарына терс кайрылуу жолдогондугу тууралуу жүйөлөрү чындыкка дал келбейт жана анын дооматтары негизсиз. Элчилик Кыргыз Республикасынын жана Россия Федерациясынын мыйзамдарына ылайык так иш алып барды», – деп айтылат расмий маалыматта.