Кызыл-Кыя шаарында түн ичинде бир топ балдар унааларга таш ыргытышкан

Кызыл-Кыя ШИИБне 2023-жылдын 13-апрель күнү түнкү саат 01.35 чамасында Кызыл-Кыя шаарынын Новая көчөсүндө белгисиз бир топ балдар ызы-чуу салып жүрүшкөндүгү боюнча кабар түшөт. Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчиси ыкчам тергөө тобу менен биргеликте аталган жайга барып, 60-70тей балдар колдоруна таяк кармап, таштар менен жол четине токтотулуп койгон автоунаалардын терезелерин талкалап жаткандыгын байкашкан. Милиция кызматкерлери аларды токтотуу максатында сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө, алар милиция кызматкерлеринин автоунааларына карата таш ыргытышкан. Жыйынтыгында милиция кызматкерлерине жана алардын кызматтык унааларына таштар тийип, жабырланган.
“Милиция кызматкерлери жаш балдардын бул кылмыштуу жоругун токтотуу максатында табелдик куралдары менен асманга карата бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошол эле замат Кызыл-Кыя ШИИБдин жетекчилиги тарабынан “Айгай” көтөрүлүп, милиция кызматкерлери шаарды курчоого алып, иш-чараларды жүргүзгөн. Бир нече жолу атылган октон кийин гана ызы-чуу салып жүргөн балдар туш тарапка качып кетишкен.
Бир түн ичинде көчөдө жүргөн 14жаш өспүрүм кармалып, азыркы учурда бул ишке катыштыгы бар же жогу такталып жатат”, деп айтылат берилген маалыматта.
Бул материал Кызыл-Кыя ШИИБдин маалыматтардын электрондук журналына катталып, азыркы күндө териштирүү иштери жүрүп жатат.