“6 000 000 евро суммадагы жумуштун сапаты жок”: Кызыл-Кыяда “Суу-Канал” МИнин кызмат адамдарынын иши иликтенүүдө

УКМК тарабынан Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнин кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысын аныкталды.

7f11821c 3b04 4d54 bb91 b73fff367ca7 "6 000 000 евро суммадагы жумуштун сапаты жок": Кызыл-Кыяда “Суу-Канал” МИнин кызмат адамдарынын иши иликтенүүдө
       Маалыматка караганда, УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан мамлекеттик органдардагы коррупциялык көрүнүштөргө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, шаардын суу түтүктөрүн жаңылоо долбоорун ишке ашырууда Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарынын мэриясынын жана “Суу-Канал” МИнын кызмат адамдарынын кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу фактысы аныкталган.
  "Көрүлгөн тиешелүү иш-чаралардын жүрүшүндө, Кызыл-Кыя шаарынын суу менен камсыздоо системасын жаңылоо долбооруна 2017-жылы Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) тарабынан бөлүнгөн жалпы 6 000 000 евро суммасындагы ишти жүзөгө ашырууда сапатсыз аткарылганы жана аткарылган иштердин көлөмү ашыкча бааланганы аныкталды. 
  Азыркы учурда тиешелүү экспертизаларды дайындоо жана тергөө амалдарын жүргүзүү менен келтирилген материалдык чыгымды так аныктоо иштери жүрүп жатат", - деп айтылат маалыматта.
  Жогорудагы факты боюнча КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын тергөө бөлүмү тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 2-бөлүмү (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) боюнча кылмыш иши козголду.
  Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
2e1ab9c6 497d 43e4 ab94 4337638e6cd2 "6 000 000 евро суммадагы жумуштун сапаты жок": Кызыл-Кыяда “Суу-Канал” МИнин кызмат адамдарынын иши иликтенүүдө