Кадамжайда уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаран кармалды

Бул тууралуу Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта, Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагында 2022-жылдын июль айларында аккумуляторлор жоголуп, беш факт уурулук фактысы, тактап айтканда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Уурулук) менен кылмыш иши ачылып, кылмышка шектүү жаранды издөө иштери башталганы айтылат.
Кадамжай РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери тарабынан 2023-жылдын 4-апрель күнү Кадамжай районунун А.Масалиев айыл аймагынын тургуну мурда бир нече жолу соттолгон 45 жаштагы С.А. аныкталып кармалып, тергөө кызматына камсыздалды.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.