Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш иштери жоголуп кеткен

      Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгы тарабынан КР Кылмыш-жаза кодексинин 348-беренеси (Шалаакылык) туралуу жалпысынан 150гө жакын кылмыш/жарандык иштердин жоголушуна алып келген Ысык-Көл райондук сотунун жооптуу кызматкерлерине карата кызматтык милдеттерине шалаакылык мамиле кылуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүргүзүлдү. 
      "Тергөөнүн маалыматы боюнча, жогорудагы аракеттердин максаты айрым резонанстуу кылмыш иштерди жана мүлктүк мүнөздөгү иштер боюнча мыйзамсыз кабыл алынган сот чечимдерин жашыруу, ошондой эле материалдык пайда алуу болгон.
      Азыркы учурда кылмышкерлерди аныктоо жана жоголгон кылмыш иштерди издөө боюнча зарыл болгон ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.
cb73fb27 d646 47e6 a0bd 1711754fa6bf Ысык-Көл райондук сотунда 150гө жакын кылмыш иштери жоголуп кеткен