УКМК: “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду

  Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка ылайык, КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери жүргүзгөн контрабандага каршы күрөшүү боюнча ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында, 2023-жылдын 7-апрелинде УКМКнын чек ара кызматкерлери менен биргеликте КР 1995-жылы туулган К.М.Э. аттуу жаранынын башкаруусунда “03KG987AAJ” мамлекеттик номурлуу “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү унаа Лейлек районунун Жаңы-Жер айылынын аймагынан кармалган.  
 
  "Текшерүү учурунда унаадан эч кандай коштоочу документтери жок, жалпы салмагы 3 тоннага жакын “Карбамид” минералдык жер семирткич табылган. Бул унаа минералдык жер семирткич түрүндөгү жүктү коңшу мамлекеттерге жиберүү үчүн Лейлек районуна бара жаткан", - деп айтылат билдирүүдө.
  Бул факты боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.


































9937eed1 d2da 4f81 bbd4 4255d7dc13a6 УКМК: “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду
8460bbc2 073a 440d 812b b8193ac550e9 УКМК: “Карбамид” минералдык жер семирткичин контрабандалык жол менен ташууга бөгөт коюлду