
Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча курама командасы Казакстанда өтүп жаткан Азия чемпионатында жалпы жети медал утту. Күрөштүн бул түрү боюнча мелдеш 9-10-апрелде өттү.
Алтын медаль:
- Акжол Махмудов (77 кг);
- Жоламан Шаршенбеков (60 кг);
- Акылбек Талантбеков (82 кг).
Күмүш медаль:
- Үзүр Жузупбеков 97 кг.
Коло медаль:
- Роман Ким (130 кг);
- Раззак Бейшекеев (67 кг);
- Адилхан Нурланбеков (72 кг).
Ал эми командалык көрсөткүчтө Кыргызстандын курамасы Ирандан кийинки экинчи орунга илинди.