Баткенде милиция кызматкерлерине облустук деңгээлдеги окутуу-кеңешме өткөрүлдү

Бүгүн, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн жыйындар залында Кыргыз Республикасынын “Укук бузуулардын алдын алуунун негиздери жөнүндө” Мыйзамынын талаптарын, ИИМдин башчысы Улан Ниязбековдун “ИИО кызматкерлери үчүн 2023-жылдагы 7 багыты”, ИИМдин социалдык өнөктөштөгүнүн негизги принциптерин аткаруу боюнча жана милициянын көчмө кабылдамасынын иштеринин мазмуну жөнүндө окутуу-кеңешме болуп өттү. Баткен ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Бул жыйынга Баткен ОИИБдин начальниги милициянын генерал-майору Мурат Боронов, Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков, “Милициянын көчмө кабалдамасы” ассоциациясынын директору отставкадагы милициянын полковниги Шамшыбек Мамыров, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын үй-бүлөлүк зомбулукту алдын алуу жана милициянын көчмө кабылдама унааларынын ишин координациялоо бөлүмүнүн начальниги Таалай Алижанов, ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматынын бөлүм башчысы милициянын полковниги Нуржан Адылова, бангизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын ыйгарым укуктуу ыкчам кызматкери милициянын подполковниги Гүлмира Жапакова жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин сектор башчысы Индира Токоновалар келип, балдар арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу багытында токтолуп кетти.
Баткен облус аймагындагы район-шаардык жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлдөрү, мектеп директорлору, билим берүү мекемелеринин мугалимдери, район-шаардык ички иштер бөлүмдөрүнүн начальниктеринин орун басарлары, балдар менен иштөө инспекциясынын тескөөчүлөрү, милициянын көчмө кабылдамасынын колдоо ассоциациясынын мүчөлөрү жана ИИОнун ардагерлери келип катышып, керектүү маалыматтарды алышты.


Жыйында Кыргыз Республикасынын ИИМдин 7 багыттагы приоритеттүү багыттары боюнча, жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун себептери жана аны алдын алуунун жолдору жөнүндө сөз жүрүп, талкуулар болду. Ошондой эле, милицияга элдин ишенимин жогорулатуу максатында заман талабына жараша заманбап үлгүдөгү сервистик тейлөө көрсөтүү, кылмыштын бетин ыкчам ачуу, кылмышты алдын алуу үчүн санарип ыкмаларды колдонуу, жарандардын арыз-даттанууларын калыс жана ар тараптуу тергеп, мыйзам чегинде чечим кабыл алуу боюнча түшүндүрмөлөр берилди.
Жыйындын жүрүшүндө катышуучулар суроолорду берип, канааттандырарлык жоопторду алышты. 5 уул жана кызды төрөп, сапаттуу билим, татыктуу тарбия берип чоңойткон Чотбаева Махпурат Жолдошевна “Мээримдүү айым” медалы менен сыйланып, жыйын соңуна чыкты.

f193ba49 4c5b 4bb4 a1ac 3e916cc10783 Баткенде милиция кызматкерлерине облустук деңгээлдеги окутуу-кеңешме өткөрүлдү