“Баары азгырыктан, билбестиктен болду”. Араванда тургун “Хизб ут-Тахрир” уюмунан баш тартты

Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү тургун «Хизб ут-Тахрир» диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын билдирди. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматта, Араван райондук ички иштер бөлүмүнүн Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнүн натыйжасында 43 жаштагы тургун И.Х. диний экстремисттик уюмунун катарынан чыккандыгын жарыялаган.
“Менин диний жана тиешелүү билимдерим жоктугунан бирөөлөрдүн чакырыгы мененби же туура эмес азгырыктардын айынанбы “Хизб ут-Тахрир” уюмунун идеясын туура көргөнмүн. Бирок убакыт мезгили таразалап койду. Мен аалымдардын насыяттарын окуп, угуп, милиция кызматкерлердин түшүндүрүү иш-чараларын көрүп, жашоомо, коомго жана үй-бүлөмө көз карашым таптакыр өзгөрдү.
Мен өзүбүздүн салттуу динибизди карманып, биздин коомго, үрп-адатка чоочун келген агымдардан баш тартып жана азыркы мезгилде мен сыяктуу адашып, радикалдык агымдарды тутунган, азгырылган жарандарды, айрыкча жаштарды туура жолдо жүрүүгө чакырып кетемин”,-деп ал коомчулукка кайрылуу жасады.
Буга чейин Кара-Суу районунда да бир жаран “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмунан баш тарткандарын билдирген эле.
Белгилей кетсек, милиция кызматкерлеринин демилгеси менен Ош облусунун аймактарында улуттар аралык чыр-чатактардын чыгып кетүүсүн алдын алуу, болтурбоо, бөгөт коюу максатында ар улуттун өкүлдөрүнөн үлгү боло турган көрүнүктүү инсандар, аксакалдар, аксакалдар сотторунун, жаштар комитеттеринин, аялдар кеңештеринин, диний мекемелердин, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, айыл жана айылдык аймактын башчылары менен биргеликте жыйындар өткөрүлүп, алдын ала түшүндүрүү иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Жыл башынан бери жогоруда баса белгиленген маселелерди эске алуунун негизинде Ош облустук ички иштер башкармалыгы менен Ош облусунун казыятынын ортосунда бир катар жолугушуулар өттү. Бул багытта Ош облусунун казыяты менен экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери өз ара кызматташтыкты бекемдешип, тыгыз байланышта иш алып барууда.
Алсак, 2023-жылдын 3 ай ичинде экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын кызматкерлери тарабынан жарандар арасында диний экстремизмди, терроризмди, улуттар жана региондор аралык чыр-чатактарды алдын алуу жана көзөмөлдөө максатында диний уюмдардын, коомдук бирикмилердин, диаспора өкүлдөрү менен биргеликте 381 жолу алдын алуу багытында түшүндүрүү иш-чаралары өткөрүлгөн.