Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды

Нарын районунда унаасы менен сууга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.

Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨКБнын суучул-куткаруучулары издеп-куткаруу иштерин аткарышты.

Алардын аракетинен соң, 7-апрелде саат 09:12де изделген жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.

340126206 1276897363182322 300818848482779472 n Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды
340128837 182035671308656 1493997152167400469 n Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды
340361358 1625085488006323 6566606501854142854 n Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды