Президент мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү

Президент Садыр Жапаров Бишкектеги имам Сарахси атындагы Республикалык борбордук мечитке барды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, мамлекет башчысы намаз окуп, ал жерде болгон мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү.

Ошол эле жерде Садыр Жапаров чогулгандардын алдында кыскача сөз сүйлөп, аларды ыйык Рамазан айы менен куттуктады.

Ал ыйык айда Кыргызстандын эли жасаган жакшы иштери көбөйүп, үзүрүн көрүшүн, үй-бүлөдө, коомдо тынчтык жана достук бекемделе беришин каалады.

Президент Жапаров адамдын руханий жана ар тараптуу тазаланышына өбөлгө түзгөн чыдамдуулук, токтоолук сыяктуу баалуулуктар жогору коюлган бул өзгөчө учур экенин белгиледи.

Дал ушул принциптер адамдарды бириктирип, боорукер, кайрымдуу кылып, көп улуттуу коомдо тынчтыкты жана ынтымакты сактоого салым кошот.

«Кыргыз элинин бардык жакшы ниеттери, жакшы ойлору ишке ашсын!», — деп баса белгиледи президент.

FB IMG 1680885561839 Президент мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү
FB IMG 1680885570884 Президент мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү
FB IMG 1680885593968 Президент мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү
FB IMG 1680885600077 Президент мечиттин бардык жамаатына ооз ачар өткөрдү