ВИДЕО: Беш баласы менен чатырда жашаган аял жардамга муктаж

Чүй облусунун Сокулук районундагы Октябрь айылынын жашоочусу Айзада Абдуллаева беш баласы менен бир жумадан бери чатырда күн кечирүүдө.

Бул тууралуу ал Вulak.kg редакциясына билдирди.

Ал 2007-жылдан бери Октябрь айылында жер тилкесин алууга кезекте турат, бирок кезеги келе элек. Буга чейин батирде жашап жүргөн, анын ээси Россиядан баласы келип калганына байланыштуу чыгарып жиберген. Учурда ал бирөөнүн короосунда, тургундар тарабынан берилген чатырда күн калкалоодо.

Учурда бул үй-бүлөнүн жашоо шарты начар. Үй-бүлөдө “эпилепсия” оорусу менен жабыркаган бала да бар.

Бардык кайдыгер карабаган жарандардан жардам сурайбыз.

Байланыш телефону: 0701754160

340130080 237122125396136 3574266895102865166 n ВИДЕО: Беш баласы менен чатырда жашаган аял жардамга муктаж