Нарын районунда унаасы менен сууга түшүп кеткен адамдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Солтон-Сары жайлоосунда иштеп жаткан алтын кен комбинаттын 31 жаштагы жумушчусу Ж.А. 5-апрелде жүк ташуучу унаа менен сууга түшүп кеткен.
Кырсык катталган жерде Нарын облустук башкармалыгынын, шаардык жана райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнөн, Кочкор райондук ӨКБнын суучул-куткаруучулары издеп-куткаруу иштерин аткарышты.
Алардын аракетинен соң, 7-апрелде саат 09:12де изделген жарандын сөөгү муздун астынан табылып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришти.
![340126206 1276897363182322 300818848482779472 n Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/340126206_1276897363182322_300818848482779472_n.jpg)
![340128837 182035671308656 1493997152167400469 n Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/340128837_182035671308656_1493997152167400469_n.jpg)
![340361358 1625085488006323 6566606501854142854 n Нарында унаасы менен сууга түшүп кеткен жумушчунун сөөгү табылды](https://bulak.kg/wp-content/uploads/2023/04/340361358_1625085488006323_6566606501854142854_n.jpg)