Раимбачаева: «Милициялардын басымынан кийин өспүрүм кыздар өз өмүрүнө кол салууда»

Бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында эл өкүлү Винера Раимбачаева учурда балдарга анын ичинде өспүрүм кыздарга карата зордук-зомбулуктун күчөп жатканын айтты.

Мындай иште милиция кызматкерлери басым жасагандан улам, өспүрүм кыздар өз жанын кыюуга барып жатканын кошумчалады.

Мындан сырткары укук коргоо органдары бул ишке олуттуу карабай, шалаакылык кылып жатканын сындады.

Ошондой эле, Бишкек ШИИБинин жетекчиси Азамат Ногойбаевдин: “өспүрүм кыздар өз ыктыяры менен «жыныстык катнашка» барат”, – деген билдүүрүсү буга далил экенин кошумчалады.