“Жер семирткич алып берем”: Таластын тургунун бир миллион сомго алдап кеткен жаран кармалды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, Манас районунун Кызыл-Жылдыз айылынын тургуну Д.Т. арыз менен жергиликтүү милиция бөлүмүнө кайрылган. Арызында 2021-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад облусунун тургуну жаран Ө. менен телефон аркылуу таанышып, ага алданып калганын жана “Карбамид” жер семирткичин алып берем деп, бир миллион сом акча котортуп алып, бербей качып жүрөт деп кайрылган.
“Арыз Манас РИИБдин кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Алдамчылыкка шектүү Жалал-Абад облусунун Сузак районунун тургуну 40 жаштагы Ө. ыкчам аракеттердин негизинде Бишкек шаарында изин жашырып жүргөн жеринен кармалды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттери менен ал Манас РИИБдин тергөө кызматына алып келинген. Жогорудагы факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, кармалган жаран тергөөдө сурак берип жатат. Азыркы учурда ал Кара-Буура РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген”, -деп айтылат маалыматта.