Башкы прокуратуранын мурунку имаратынын ордуна заманбап административдик комплекс курулат

Бишкектеги Башкы прокуратуранын өрттөнгөн имаратынын ордуна курула турган имараттын эскизи жактырылды. Бул тууралуу долбоордун менеджери Нурбек Болатбеков билдирди.

whatsapp image 2023 04 04 at 11 56 03 Башкы прокуратуранын мурунку имаратынын ордуна заманбап административдик комплекс курулат

Маалыматка ылайык, мэрия “Шаако” фирмасына жерди 5 жылдык мөөнөткө ижарага берди.

“Фирма эскиздик долбоор боюнча сынак өткөрдү. Сынакты “Рыско” ЖЧКсы “Центр Модулор” ЖЧКсы менен биргеликте жеңип алды. Мурдагы Башкы прокуратуранын ордунда 20 миң чарчы метрден ашык аянтка заманбап административдик комплекс куруу пландалууда. Имарат 29 кабаттан жогору болуп, анда кеңселер жана коммерциялык объектилер жайгаштырылат”, — деди ал.

whatsapp image 2023 04 04 at 11 56 02 Башкы прокуратуранын мурунку имаратынын ордуна заманбап административдик комплекс курулат