“Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдары жоюлат

Банкроттукка байланыштуу “Пирамида” жана “Бешинчи канал” телеканалдары жоюлат. Бул тууралуу Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча Парламенттик комитеттин отурумунда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орунбасары Чынгыз Эсенгул уулу билдирди.

Анын айтымында, Бишкек мэринин жана Кыргызстан ОЖСК телеканалдарынын берүүсү токтотулган. “Биз аларды банкроттукка байланыштуу жоёбуз”, – деди министрдин орун басары.

Депутаттар андан аталган телеканалдардын карыздары эмне болорун сурады.

“Аталган карыздар боюнча ФУГИнын кызматкерлери тийиштүү иштерди алып барууда», — деп жооп берди Чынгыз Эсенгул уулу.