«Бешинчи каналдын» жаңы жетекчиси мурда «Регион ТВ» каналын башкарган

«Бешинчи каналга» жаңы жетекчи келди. Бул тууралуу социалдык баракчалардан белгилүү болду.

Маалыматка караганда, бүгүн, 17-февралда «Бешинчи каналдын» жамаатына жаңы жетекчи болгон Алтынбек Бектуров тааныштырылды. Буга чейин ал «Регион ТВ» каналын жетектеп келген.

Кошумчалай кетсек, Сулайманов аталган каналга 2021-жылдын январь айында жетекчи болуп дайындалган. Ага чейин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматынын жетекчиси болчу.