Милиционер пара менен кармалды

Бишкек шаардык прокуратурасы тарабынан тергелип жаткан жазык иштин алкагында, жаран У.Э. кылмыш жоопкерчилигине тартабыз деген коркутуу менен системалуу түрдө милиция кызматкерлери тарабынан акча каражаты талап кылышкан факты аныкталган.

Алардын талабы ар жума сайын акча каражатын алып коргоого алуу болгон. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын сайтында маалымдалат.

Маалыматта айтылгандай, шаардык прокуратуранын тергөөчүлөрү жана Кыргыз Республикасынын ИИМнин ички иликтөөлөр кызматынын кызматкерлери менен биргеликте жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө аракеттериинин натыйжасында, Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнүн 5-шаардык милиция бөлүмчөсүнүн (ГОМ) аймактык тескөөчүсү Э.Э.Э. талап кылган акча каражатынын бир бөлүгүн алып жаткан мезгилде кармалып, Бишкек ШИИББнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Аталган милиция кызматкерине карата Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (“Пара талап кылуу”) менен айыбы угузулуп, Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан баш коргоо чарасы катары эки айга камакка алынды.

Ошондой эле, ушул ишке тиешеси бар башка милиция кызматкери Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБнүн аймактык ага тескөөчүсү Б.К.К. шектүү катары кармалып, Бишкек ШИИББнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Жакынкы арада баш коргоо чарасы сот тарабынан каралат. Тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.