Бир айда “Унаа” мекемесине чет жерде жүргөн 538 жарандан арыз түштү

ИИМ. Бир айдын ичинде “Унаа” мамлекеттик мекемесине чет жерде жүргөн 538 жараныбыздан арыз түштү.

Бул туурасында “Унаа” мамлекеттик мекемесинин басма сөз кызматы Вulak.kg редакциясына билдирди.

WhatsApp Image 2022 02 17 at 18.38.08 Бир айда “Унаа” мекемесине чет жерде жүргөн 538 жарандан арыз түштү

“Унаа” мамлекеттик мекемеси Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматы менен биргеликте өлкө башчысынын тапшырмасын ишке ашырып жатканына туура бир ай болду.

Бул аралыктын ичинде чет өлкөдө жүргөн жарандардан айдоочулук күбөлүк алуу ниетин билдирип 600гө чукул арыз түшкөн. Кайрылган жарандардын көбү Россия Федерациясынан.

WhatsApp Image 2022 02 17 at 18.38.07 Бир айда “Унаа” мекемесине чет жерде жүргөн 538 жарандан арыз түштү

Башка өлкөлөрдөн кайрылган фактылар азырынча жокко эсе. Орусиядан тышкары дүйнөнүн 48 өлкөсүндө айдоочулук күбөлүктү алмаштыруу мүмкүнчүлүгү түзүлгөнүнүн чет өлкөдө жүргөн жарандарга эскертебиз.


Президенттин Жарлыгына ылайык мигранттардын жашоосун жеңилдетүү максатында, 2022-жылдын 17-январынан тарта 49 өлкө менен келишим түзүлгөн. Ага ылайык Кыргыз республикасынын жарандары айдоочулук күбөлүктөрүн жоготуп алса, жараксыз болуп калса же жеке маалыматтар өзгөрүлсө, күбөлүктөрдү жашап жаткан мамлекетте алмаштыруу мүмкүнчүлүктөрү пайда болгон.

Бүгүнкү күндө түрдүү себептер менен миндеген мекендештер айдоочулук күбөлүгүн алмаштырууну каалап жатышат. Документти кабыл алуу жана берүү үчүн Бишкектен Москвага “Унаа” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери көмөк көрсөткөнү барып келишти. Алар 10 күн жүрүп элчиликтин кызматкерлерине иштин жол жобосун түшүндүрүп, практикалык жактан окутуп келишти.


Чет өлкөдөгү кыргыз жарандары консулдук же дипломатиялык бөлүмдөргө барып, айдоочулук күбөлүкторүн алмаштырып алса болот. Консулдук кызматкерлер “Унаа” мекемесине бирдиктүү база аркылуу жарандардын арызын жөнөтөт. Өз кезегинде мекеме төрт күндүн ичинде маалыматтарды тастыктап, даяр материалды электрондук почта аркылуу жөнөтөт.


Белгилей кетсек 17-январдан бери бул багытта 600гө жакын арыз кабыл алынды. Бир гана талап – келген медициналык спарвка башка тилден которулуп (түрк, англис тилдеринен ж.б.) келиши керек “Унаа” мамлекеттик мекемеси менен Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынын биргелешкен ишинин натыйжасында 2022-жылдын 17-январынан тартып Кыргыз Республикасынын дипломатиялык өкүлчүлүктөрү жана консулдук мекемелери жарандардын арыздарын кабыл алууда. Кыргыз Республикасынын айдоочулук күбөлүктөрүн берүү (алмаштыруу) жөнүндө:Россия Федерациясында – 534, Украинада – 1, Беларусь Республикасында – 3, бардыгы – 538 жарандардын кайрылуусу. Бул маалыматтар бир айдын жыйынтыгы боюнча көрсөтүлдү.

WhatsApp Image 2022 02 17 at 18.38.08 1 Бир айда “Унаа” мекемесине чет жерде жүргөн 538 жарандан арыз түштү