Курулуш компанияларына алдангандар акыйкаттык издеп, президентке кайрылды

Бишкек шаарындагы Сүйөркулова 16/1 дарегинде жайгашкан көп кабаттуу үйдүн тургундары ««Квартал Строй» жана «Нуржанат ЛТД» курулуш компанияларына алданып калганын айтып, президентке кайрылуу үчүн келишкен. Бирок, алар азырынча президентке жолугууга мүмкүнчүлүк болбой жатканын айтып, нараазы болушууда. Курулуш компаниялар төрт айдын ичинде киресиңер деген.

Буга чейин тургундар президентке кат аркылуу да кайрылышкан. Андан майнап чыкпай келет.

Жабырлануучулардын айтымында алар Камчыбек Ташиевге жана башка инстанцияларга, прокуратурага кайрылышкан. Учурда 129 адам жабыркап жатат.

“Жакын арада көчөдө калып калышыбыз мүмкүн. Бизди керек болсо президентке да жолотпой жатат. Курулуш компаниялар элдин акчаларын чогултуп качып жатышат, биз эле эмес толтура алдангандар. Арам акчага үйлөрдү салып, кошумча элдерди алдап жатышат”, – дейт жабырлануучу Кудайбергенова.

«Квартал Стройдун» директору Асыл Талипова жана Нуржанат ЛТДнын ыйгарымдуу өкүлү Нуржан Рыскулова болот.