Ошто унаа менен “Увам” каналына түшүп кеткендер аман-эсен чыгарылды

Ошто жеңил унаа менен суу каналына түшүп кеткен эки киши куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка карганда, айдоочу рулду башкара албай, унаа Өзгүр айылынын Увам каналына түшүп кеткен. Унаанын ичинде эки киши болгон.

Жерине Ош шаардык куткаруу кызматынан 4 куткаруучу тартылып, эки адамды аман-эсен куткарып калышкан.

Окуянын күбөлөрү куткаруу учурун видеого тартып калган. Видеодон көрүнгөндөй, куткаруу иштерине жарандар да жардам берген.