ВИДЕО: Баткенде аммиак селитрасын аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлду

Бул туурасында УКМКнын басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка караганда, 2023-жылдын 1-апрелинде КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Тажикистан Республикасынын аймагына аммиак селитрасын (карбамид) аткезчилик жол менен мыйзамсыз алып өтүү иш-аракетине бөгөт коюлду.
Баткен районунун “Маргун-Жаңы-Бак-Арка” айланып өтүүчү унаа жолунда Тажикстан Республикасынын аймагына жалпы салмагы 3,5 тоннага жакын аммиак селитрасы (карбамид) түрүндөгү жүктү алып өтүүгө аракет кылып жаткан жеринен Баткен шаарынын тургуну, 1987-жылы туулган Т.Н.И. аттуу КР жаранынын башкаруусундагы “Мерседес Бенц Спринтер” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа кармалган”, – деп айтылат маалыматта.
Аталган унаа контрабандалык жүгү менен №2022-Аскердик бөлүгүнүн “Орто-Боз” чек ара заставасынын аймагына коюлду. Бул факты документтештирилип, тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

WhatsApp Image 2023 04 03 at 08.24.41 1 ВИДЕО: Баткенде аммиак селитрасын аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлду
WhatsApp Image 2023 04 03 at 08.24.41 ВИДЕО: Баткенде аммиак селитрасын аткезчилик жол менен экспорттоо боюнча мыйзамсыз иш-аракетке бөгөт коюлду