Эки бутун терезеден чыгарып алып, унаа башкарган айдоочунун видеосу

Социалдык тармактарда эки бутун терезеден чыгарып алып, унаа башкарган айдоочунун видеосу тарады.

Видеодо «Хонда Фиттин» айдоочусу эки бутун терезеден чыгарып, унаа башкарууда. Ал эми, анын жанындагы жүргүнчү буту менен унаанын педалдарын басып бара жатат.

Айдоочунун бул жоругу социалдык тармактын колдонуучуларынын сынына кабылып, алар айдоочуну таап, айып пул салууну талап кылышууда.