Бир жумада республикада мас абалында унаа башкарган 212 айдоочу кармалды

ЖКККББ: Ар бир жол кыймылынын катышуучусунун өмүрү, жашына карабастан, баа жеткис! Жумалык рейддин жыйынтыгы:
Жол кырсыктарынын жана жол эрежелерин одоно бузууларды алдын алуу максатында республиканын аймагында ЖКККББ кызматкерлери рейддик иш-чараларды өткөрүп жатышат.
Акыркы жумада республикада 17761 жол эрежесин бузуу аныкталды. Алардын ичинен:
-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн – 1733;
-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн – 198;

  • ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 6711;
  • жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – ;
  • ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 15;
  • жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 279;
  • ТК түзүлүшүнө өзгөртүүлөрдү киргизүү – 144;
    -жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн –8005;
    -айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн -40;
    -мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 212;
    -унаа токтотуучу жайга токтотулду – 840.
    Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ЖКККББ жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылат.
    Өзүңүзгө өтө ишенүү, жол эрежелерин билбөө жана башкаларга көңүл бурбай коюу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек.

КР ИИМдин ЖКККББ Басма сөз кызматы