
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кар көчкү коркунучуна байланыштуу чукул билдирүү таратты.
Ведомствонун маалыматына караганда, 31-марттан 1-апрелге чейин абанын температурасынын жогорулашына, жаап өткөн жана күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү коркунучу сакталат. Алсак, Каракол-Эңилчек унаа жолунун 45-50, 74-86-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.