Лебединовакадан эки унааны айдап качкан шектүүлөр кармалды

Чүйдүн Аламүдүн районунда эки автоунааны уурдоого шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 16-мартка караган түнү Лебединовака айылынын тургунунун үйүнүн алдында турган «Фольксваген Венто» унаасы уурдалган.

Аталган фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 1999-жылы туулган А.А. жана 2006-жыл туулган А.С. аттуу жарандар кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, эки шектүүнүн быйыл 6-мартта «ВАЗ-2106» унаасынын уурдалышына катыштыгы бар экени аныкталган.

Учурда иликтөө уланууда.