19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдагандар колго түштү

Ошто 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдоого шектелип эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык милициясынан билдиришти.

Тергөө кызматынын алгачкы маалыматтарына караганда, Ош шаары, Өзгөн, Кара-Суу Ноокат райондорунда жана Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундорунда өткөн жылдын январь айынан, быйылкы жылдын февраль айларынын аралыгында 19 жолу банкомат уурдалган.

Шектүү катары кармалган Ош облусунун Ноокат районунун 31 жаштагы А. уулу Н. аттуу тургуну жана Ош шаарынын 37 жаштагы Ю.М. аттуу тургуну мурда бир нече жолу сот жообуна тартылышкан.

Шектүүлөргө Ош шаардык соту тарабынан тергөө иштери аяктаганга чейин абакта кармоо боюнча баш коргоо чарасы тандалып, Ош шаарындагы №5 тергөө изоляторунда кармалууда.

whatsapp image 2023 03 30 at 10 26 19 1 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдагандар колго түштү
whatsapp image 2023 03 30 at 10 26 20 1 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдагандар колго түштү
News 181924849164099791884309019146227901870 19 банкоматты талкалап, ичинен акча уурдагандар колго түштү