Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, ага жакын жайгашкан үйлөр да өрттөндү

Өзгөн шаарынын Манас көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, жакын жайгашкан үйлөргө өтүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм тартылып, тилсиз жоо саат 03:48де чектөөгө алынып, саат 04:58де толугу менен өчүрүлгөн.

Алдын ала маалымат боюнча жабыркагандар жок.