Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Словениядагы элчиси болду

Венгриядагы элчи Талантбек Кушчубеков Кыргызстандын Словениядагы элчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, элчиликтин резиденциясы Будапешт шаарында жайгашып, Талантбек Кушчубеков эки өлкөдө элчилик кызматты аркалайт.

Дайындоо тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.