Бакай-Атада милицияга каршылык көрсөткөн жарандар камакка алынды

Бул тууралуу Талас ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Бакай-Ата районунда 22-23-январь күндөрү “Бахус” жана “Коомдук транспорт” аталышындагы рейддик иш-чара жүргөн. Рейд учурунда ЖККБнын инспекторлору кызматтык автоунаасы менен өздөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жүрүшкөн. Ошол учурда жаран К.С. башкаруусундагы унааны токтотушуп текшерүү учурунда, ал баш ийбестен унааны айдап качкан.

“Милиция кызматкерлери артынан барып токтоткон учурда, унаанын ичиндеги мас абалындагы М.Ж милиция кызматкеринин кызматтык табелдик ок атуучу куралын тартып алууга аракет жасап, анын кийип жүргөн кызматтык формасынын погонун жулуп, кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарына баш ийбестик кылып зомбулук көрсөткөн.
Текшерү учурунда алар Наматбек айылынын жашоочулары 1976-ж.т. Б.М. жана 1977-ж.т. А.Д. экендиги аныкталган. Алардын бул мыйзамсыз кыймыл-аракети боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 374-беренесинин «Бийлик өкүлүнүн өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруусуна байланыштуу, анын өмүрүнө жана ден-соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдонуу же өмүргө жана ден-соолукка коркунуч келтирген зомбулукту колдоном деп коркутуу» менен кылмыш иши козголгон.
Учурда аталган факты боюнча Б.М. жана А.Д. Талас ОИИБдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынышкан. Тергөө иштери жүрүп жатат”, – деп айтылат маалыматта.

WhatsApp Image 2023 03 24 at 16.35.15 Бакай-Атада милицияга каршылык көрсөткөн жарандар камакка алынды