Активист Айжан Мырсан 100 миң сом айыпка жыгылды

Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 1-бөлүгүнүн (“Раса аралык, улут жек көрүүчүлүктү козгоо”) 330-беренесине ылайык, активист Айжан Мырсан 100 миң сом айып төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу соттун басма сөз кызматы билдирди.
“Анын жыйынтыгында Айжан Мырсандын билдирүүлөрү этникалык, улуттук, диний же дин аралык жек көрүүчүлүктү (келишпестиктерди), улуттук кадыр-баркын кемсинтүүгө, жарандардын динге, улуттук же расалык байланышына болгон мамилесинин негизинде төмөн болууга багытталгандыгын көрсөттү”, – деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, буга чейин активисттин соцтармактагы баракчасындагы видео текшерилип, ал лингвистикалык текшерүүдөн өткөн.