Бишкекте мекендештерин 17 миң долларга алдап кеткен пакистандык кармалды

Бишкекте алдамчылыкка жана мыйзамсыз миграция уюштурууга шектүү Пакистандын жараны кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, быйыл 11-февралда Свердлов райондук милициясына Пакистандын А.Ш, И.Н, Э.М жана Ф.А. аттуу жарандары кайрылган. Алар арызында билдиргендей, М.С. аттуу мекендеши Европага жумушчу виза алууга жардам берүүнү убадалап, Кыргызстанга чакырган. Андан кийин алардан 17 миң доллар алып, качып кеткен.

Бул фактыга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) жана 168-беренеси (мыйзамсыз миграция уюштуруу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 22 жаштагы Пакистандын жараны кармалган. Соттун чечими менен ал №1 тергөө абагына 11-апрелге чейин камакка алынган.

Милициядан белгилешкендей, учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмышка тиешеси бар экендиги такталган.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандарды 0(999) 800-088 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.