Максутов дүйнө чемпиону болгон хоккейчилер менен жолукту 

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов хоккей боюнча III дивизиондогу командалар арасында дүйнө чемпиону болгон Кыргызстандын курамасы менен жолукту.

Министрликтин маалыматына ылайык, Алтынбек Максутов алгач президент Садыр Жапаровдун куттуктоосун окуп, мамлекет тарабынан учурда спортко өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп өттү.

“Жеңишиңер менен Кыргызстандын желегин желбиретип, мамлекетибиздин аброюн көтөрдүңөр. Хоккей боюнча курама команда түзүлүп жатканда күмөн саноолор болгон. Силер аны жокко чыгарып, физикалык жактан даярдыгыңар, эркиңер менен спорттун бул түрун ушул даражага жеткирдиңер. Силердин бул жеңишиңер көп жаштарга түрткү берип, спорт менен достошуусуна жол ачты десем жаңылышпайм”, — деди ал.

Спортчулар өз кезегинде мамлекет тарабынан колдоо болуп жатканына ыраазычылык билдирип, мындай колдоо аларга шык бере тургандыгын айтышты.

Эске сала кетсек, Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасы жогоруда аталган турнирде Иран, Гонконг, Малайзия, Босния жана Герцеговина, Сингапурдун курама командалары менен күч сынашып, III дивизиондогу (“В” тобу) командалар арасында дүйнө чемпиондугун багындырышты.

Чемпионатта жалпы беш оюн болуп, жыйынтыктоочу беттеште кыргызстандык спортчулар Гонконгдун курамасын 12:2 эсеби менен жеңип алышты.

Бул жеңиш алардын кийинки жылы өтүүчү үчүнчү дивизиондун “А” тобуна чыгууга мүмкүнчүлүк берди.