Аянттан 3 тонна таштанды чыгарылды

Нооруз майрамынан кийин «Тазалык» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери «Ала-Тоо» аянтынан 3 тонна таштанды чыгарышты. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, таштандыларды чогултууга ишкананын 30 кызматкери, 1 атайын техника жана 1 сугаруучу машина тартылган.

337163874 608170550838915 6189492065772765016 n Аянттан 3 тонна таштанды чыгарылды