
Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука – Чаткал жолун асфальттоого тендер жарыяланды. Бул тууралуу Мамлекеттик сатып алуулар порталында айтылат.
Маалыматка караганда, аталган жолдун 15-31,5-чакырымына (Терек-Сай айылындагы тилкеси) асфальт төшөөгө 33 млн сом каралган.
Жолду оңдоого каражат Жалал-Абаддагы өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүнөт.
Арыздар 5-апрелге чейин кабыл алынат.